Коом
Орозбек Сыдыков юстиция министринин орун басары болуп дайындалды

Юстиция министри Асел Чынбаева 1-июнда жаңы орун басары Сыдыков Орозбек Кадырбековичти эмгек жамаатына тааныштырды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Сыдыков Орозбек Кадырбекович 1987-жылы Ош облусунда туулган. Жогорку билимдүү. 2012-жылы юрист адистиги боюнча Ош мамлекеттик юридикалык институтун бүтүргөн.



