Коом
Акыркы суткада вирустан тогуз бейтап каза болду. Статистика

Акыркы суткада 371 кишиден вирус аныкталып, дагы 9 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 169,
Ош шаары — 40,
Чүй облусу — 91,
Ош облусу — 20,
Талас облусу — 5,
Нарын облусу — 8,
Ысык-Көл облусу — 24,
Жалал-Абад облусу — 13,
Баткен облусу — 1 кишиден вирус табылды.
COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында беш, Ысык-Көл облусунда төрт бейтап каза болду.
2020-жылдын март айынан бери 105 миң 840 киши вируска чалдыгып, 1 миң 830 бейтап көз жумду.



