Окуялар

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 6 киши каза болуп, 2 адам жабыркады. ФОТО

Жалал-Абадда жол кырсыгынан 6 адам каза болуп, 2 адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 495-чакырымында (Ууру-Жар айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа менен “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү унаа кагышып, натыйжада 6 адам каза болуп, 2 адам (аты-жөндөрү такталууда) жабыркаган.

Жерине ӨКМден 4 куткаруучу тартылып, каза болгон жана жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып, каза болгон адамдарды милиция кызматкерлерине, ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button