Саясат

“Биздин Кыргызстан” партиясы Бишкек жана Ош шаардык кеңештерине талапкерлердин тизмесин бекитти


Бүгүн, 12-июнда Бишкекте «Биздин Кыргызстан» жаңы саясий партиясынын конференциясы болуп, анда Бишкек шаардык кеңешин шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилди. Талапкерлердин арасында тажрыйбалуу саясатчылар дагы, жаш, ийгиликтүү адистер — жаңы жүздөр дагы бар
Конференциянын жүрүшүндө партиянын «Жаратмандар жолу» — шаарларды өнүктүрүү программасы сунушталды.

Партиянын негиздөөчүсү жана лидери Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Ал өз сөзүндө биздин Кыргызстанда тез арада чечилиши керек болгон бир катар көйгөйлөр бар экендигин белгиледи. » Мамлекетибиздин гүлдөп-өнүгүүсүн камсыздоо — биздин тарых жана келечек муундардын алдындагы ыйык парзыбыз», — деди А.Осмонов.
Конференцияга белгилүү инсандар жана саясатчылар дагы чакырылган. Алар “Биздин Кыргызстан” жаңы саясий партиясына ийгилик каалашты.
Ушундай эле партиянын конференциясы бүгүн Ош шаарында өттү.

Иш-чараны партиянын Ош бөлүмүнүн лидери Медер Абдыманапов ачып берди. Конференциянын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешке талапкерлердин тизмеси бекитилди. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button