Саясат

Президент Балыкчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушун баштап берди

Өлкөдө Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата темир жолунун курулушу башталды. Ага президент Садыр Жапаров капсула салганын өлкө башчынын маалымат катчысы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, жаңы темир жол линиясынын узундугу болжол менен 86 чакырымды түзөт.

Жапаров акыркы жылдары Кыргызстандын темир жол тармагы ырааттуу өнүгүп, сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүлүп жатканын белгилеген. Ошондой эле автоунаа жолдоруна түшкөн сезондук жүктү азайтууга мүмкүндүк берерин билдирди.

«Долбоордо темир жолду “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоо каралган. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлөт. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө 400дөн ашуун жумуш орду түзүлөт, ал эми темир жол пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык туруктуу жумуш орундары камсыздалат», – деди Жапаров.

Өлкө башчы белгилегендей, бул темир жол аркылуу жыл сайын 5 миллион тоннага чейин жүк, анын ичинде курулуш каражаттарын да ташууга болот. Мындай шарттын Ысык-Көлдөгү ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда мааниси чоң.

Тектеш кабарлар

Back to top button