Саясат

Президент чет элдик жумушчулардын көбөйгөнү тууралуу сынга жооп берд

Президент Садыр Жапаров өлкөдө чет элдик жумушчулар көбөйүп жатканы тууралуу сын-пикирлерге жооп берди.

Анын айтымында, мамлекеттин өз күчү жана мүмкүнчүлүгү жеткен долбоорлорду Кыргызстан өзү ишке ашырат. Мисал катары бүгүн курулушу башталган Балыкчы – Чолпон-Ата темир жолун атады.

«Бирок инженерлерибиз, тажрыйбабыз же мүмкүнчүлүгүбүз жетишпеген тармактарда коңшу мамлекеттерден жардам сурап, аларды долбоорлорду ишке ашырууга тартууга туура келет. Эгер бардыгын өзүбүз курабыз десек, айрым иштер 15–20 жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн», — деди президент.

Жапаров бул убактылуу чара экенин белгилеп, учурда кыргызстандык инженерлер менен куруучулар чет өлкөлөрдө билим алып, тажрыйба топтоп жатканын айтты.

Ошондой эле ал айрым блогерлер, оппозиция өкүлдөрү жана популист саясатчылар «өлкө чет элдиктерге толуп кетти», «өтө көп болуп кетти» деген сыяктуу билдирүүлөрдү таратып, ири долбоорлордун ишке ашуусуна тоскоолдук жаратып жатканын белгиледи.

«Мындай аракеттерге чечкиндүү түрдө бөгөт коюу керек», — деди мамлекет башчысы.

Тектеш кабарлар

Back to top button