Саясат

Нуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды

Жогорку Кеңештеги “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков Борбордук шайлоо комиссиясына депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул тууралуу Боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди.

Нуржигит Кадырбеков 22-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан.

Сурактан чыгып баратып журналисттерге учкай комментарий берип, аталган фонддун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмөлөрдү бергенин билдирген.

Быйыл 22-июлда Финансы министрлигине караштуу ички аудит кызматы “Ыйман” фондунун ишмердигин текшерүүнү баштап, бир аптадан соң жыйынтыгын жарыялаган. Аталган документте “Ыйман” фондун текшерүүгө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин 18-июлдагы каты негиз болгону жазылат.

Аудиттин маалыматына караганда, “Ыйман” фондуна 2014-2015-жылдары 5 млн 104 миң 524 доллар түшкөн. Анын 4 млн 999 миң 674 долларын Түркиянын Маданият министрлигинин алдындагы Кызматташтык жана координация агенттиги Кыргызстандагы диний билим берүүнү иретке келтирүү максатында которгон. Мындан тышкары 2014-2018-жылдары фонддун эсеби 24 млн 866 миң 512 сомго толукталган. Бул акчаны ар кандай фонддор, жеке жактар которгон.

Ички аудиттин корутундусунда жогоруда көрсөтүлгөн сумма боюнча бухгалтердик отчеттун, айрым керектүү документтердин такыр эле жоктугу айтылат. Мындан улам текшерүүчлөр “Ыйман” фондунун ишмердигине «толук кандуу аудит жүргүзүүгө мүмкүн эмес» деген тыянакка келген. Бул көрүнүш Кыргызстандын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” мыйзамына каршы келери да жазылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button