Коом

Чүй проспектиси 15-июлдан тарта жабылат

Бишкектин Чүй проспектисин 15-июлдан тарта жабуу пландалууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 15-июлунан тарта (1-этап) оңдоо иштерин баштоо чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, учурда Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Малдыбаев көчөсүнө чейин жана Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки тилкелери жабылып, капиталдык оңдоо иштери жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button