Маданият

Бишкекте Түрк кино күндөрү өтөт

Бишкек шаарында 3–7-июнда Түрк кино күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, бул маданий иш-чарада беш күн бою бардык кино көрсөтүүлөр көрүүчүлөр үчүн акысыз уюштурулат. Фестивалдын салтанаттуу ачылыш аземи 3-июнунда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” кинотеатрында өтүп, көрүүчүлөргө “Mutluyuz Mu” тасмасы тартууланат.

Мындан тышкары, фестивалдын алкагында “Mutluyuz Mu” тасмасынын башкы актеру Ибрагим Бюйюкака, продюсери Хасан Корай Шахин жана сценарист-режиссеру Мурад Эмре Каман көрүүчүлөр менен жолугушат. Ошондой эле салтанаттуу ачылышка “Bak Postacı Geliyor” тасмасынын башкы актрисасы Дениз Барут жана режиссер Юксел Аксу катышары күтүлүүдө.

Ошондой эле программада университеттик жолугушуулар, белгилүү режиссерлор жана продюсерлер менен чыгармачылык талкуулар, маданий экскурсиялар жана киноиндустриядагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө арналган кесиптик иш-чаралар каралган.

Иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин, Кыргыз кинематография департаментинин, Түркиянын Бишкектеги элчилигинин жана “Жергиликтүү пикир” ассоциациясынын колдоосу менен уюштурулууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button