Маданият

Бүгүн Улуттук китепканада «Китепкана түнү – 2026» иш-чарасы өтөт

Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкана «Эгемендик — ыйык мурас, Уңгужол — келечекке багыт» аттуу «Китепкана түнү – 2026» коомдук-маданий иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата уюштурулууда.

Анын алкагында окурмандар жана коноктор үчүн белгилүү инсандар, юристтер жана психологдор менен жолугушуулар, мастер-класстар, жасалга-колдонмо өнөр көргөзмөлөрү, адабий сынактар, суроо-жооп программалары, шахмат оюндары, видеокөрсөтүүлөр, концерттик номерлер, кино көрсөтүүлөр, театрлаштырылган оюн-зооктор жана башка кызыктуу маданий иш-чаралар уюштурулат.

Уюштуруучулар шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун маданий кечеге катышып, жагымдуу маанай алууга чакырат.

Иш-чара саат 18:00дө башталып 24:00гө чейин уланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button