Коом

“Кумтөрдүн” 19 жаш адиси тажрыйба топтоо үчүн эл аралык көргөзмөгө катышууга Казакстанга кетишти

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) ар кандай бөлүмдөрүнөн 19 жаш адис «Mining Week Kazakhstan» эл аралык көргөзмөсүнө катышуу үчүн Казакстан Республикасына учуп кетишти. Бул тууралуу “Кумтөр Голд Компанинин” убактылуу жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк интернет баракчасына чыгарды.

“Иш-чара 2021-жылдын 22-24-июнь күндөрү Караганда шаарында өтөт. Биз жаш адистерге билим жана көндүмдөргө ээ болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылабыз! Буга чейин, негизинен, ар кандай жыйындарга компаниянын менеджерлери катышчу. Бирок бизге жаңы потенциалы бар, жаңы идеяларды жаратууга, жаңы технологияларды жаратууга жана киргизүүгө жөндөмдүү, заманбап шаймандарда иштеген жаштар керек. Мындан ары КГК өз адистерин илимий-техникалык конференцияларга жана көргөзмөлөргө жигердүү жөнөтөт. Ийгилик жигиттер! Аман-эсен барып келииздер!”- деди Тенгиз Бөлтүрүк.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button