Кыргызстанда кремациялоого тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда маркумдарды кремациялоого (сөөктү өрттөп, күлүн жерге берүүгө) тыюу салуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен депутат Болот Сагынаев демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Ага ылайык, эми каза болгон адамдардын сөөгүн өрттөп жок кылууга тыюу салынат. Мыйзамдагы кремация тууралуу бардык жоболор алып салынып, жерге берүү гана негизги ыкма катары калууда.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде азыркы мыйзамда адамдын сөөгүн өрттөө менен биологиялык калдыктарды санитардык жок кылуу түшүнүктөрү аралашып кеткени айтылган. Депутаттар бул укуктук түшүнүксүздүк жаратып жатканын белгилешүүдө.
Демилгечилердин айтымында, крематорийлер адамдын сөөгүн өрттөө үчүн эмес, жугуштуу оорудан өлгөн жаныбарлардын өлүгүн жана биологиялык калдыктарды санитардык максатта жок кылуу үчүн гана колдонулушу керек.
Азыркы мыйзамда маркумдун керээзи же жакын туугандарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо, ошондой эле өзгөчө кооптуу инфекциялык оорулардын жайылуусун алдын алуу максатында сөөктү кремациялоого уруксат берилген.



