Коом

176 бейтаптын абалы өтө оор. COVID-19 боюнча статистика

Өткөн суткада 1 437 кишиден коронавирус табылып, 568 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жуктургандар:

Бишкек шаары — 924;
Ош шаары — 50;
Чүй облусу — 142;
Баткен облусу — 87;
Ош облусу — 85;
Жалал-Абад облусу — 78;
Ысык-Көл облусу — 33;
Талас облусу — 10;
Нарын облусу — 7.
Ушуну менен илдет илештиргендердин жалпы саны 132 070ке жетип, анын ичинен 113 212 бейтап айыкты:

Бишкек шаары – 315;
Ош шаары – 65;
Чүй облусу – 54;
Ош облусу – 33;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 27;
Жалал-Абад облусу – 58;
Баткен облусу – 13.
Акыркы 24 саат ичинде, тилекке каршы, вирус тогуз кишинин өмүрүн алды. Ушуну менен көз жумгандардын саны жалпысынан 2 046га жетти.

Каза болгондор:

Бишкек шаары – 3;
Чүй облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 2;
Жалал-Абад облусу — 1;
Ош шаары – 1;
Ош облусу — 1.
Азыркы тапта 4 126 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Анын ичинен 1 193 кишинин абалы оор болсо, 176 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button