Коом

Бийлик унааны техникалык кароодон өткөрүү талабын кайра киргизерин билдирди

Кыргызстанда транспорт каражаттарын милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү системасын кайрадан киргизүү керек. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова билдирди.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугун текшерүү жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлсада Ибраимова

Ал бүгүн маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.

Ибраимованын айтымында, мындай норма ЕАЭБдин техникалык регламентинин талабы.

«Башкача айтканда, өлкөдөгү бардык транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүшү керек», — деди ал.

Башкармалыктын улук инспектору Медер Каныбеков ЕАЭБдин техрегламентине ылайык келтирүү үчүн ички мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.

Эске салсак, 2012-жылы Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүү жокко чыгарылган. Мындай кадам коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жасалган болчу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button