Окуялар

ВИДЕО: «Дженго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысы кармалды

2021-жылдын 23-июлунда Ош шаарында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ээнбаштыкка шектелген адам кармалды.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 1995-жылы туулган Ош шаарынын тургуну М.А. кармалган. Ал мурда соттолгон Ош шаары менен Ош облусун көзөмөлдөп келген   (положенец) «Дженго» каймана аты бар жарандын айдоочу-жансакчысы жана ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары турат.

Белгилүү болгондой, жогоруда көрсөтүлгөн  жаран 2021-жылдын 10-июлунда бир нече жаран менен биргеликте денеге залал келтирүү менен коштолгон ээнбаштык аракеттерге катышкан. Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында, алар Куршаб айылынын тургунун ур-токмокко алышып, бычак менен коркутушкан.  Андан соң, жабырлануучунун 1600 АКШ доллары жана 48 миң сом өлчөмүндөгү акча каражаты салынган капчыкгын алып кетишкен.

Аталган факты  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин (Бейбаштык)  негизинде катталган.

Кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодекстин 98-беренесинин негизинде Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button