Спорт

Кыргыз футбол курамасынын дарбазачысы Валерий Кашуба карьерасын аяктады

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын дарбазачысы Валерий Кашуба карьерасын аяктады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кашуба улуттук курамада жалпы 24 беттеш өткөрдү. Ал оюнга алгач 2004-жылдын 10-ноябрында Кувейт менен болгон беттеште 62-мүнөттө Жалиловдун ордуна чыккан. Эми Валерий Кашуба толугу менен «Дордой» футболдук клубундагы дарбазачыларга машыктыруучулук кылат.

“Дордойдун” курамында Валерий Кашубанын сыйлыктары:

— Кыргызстандын алты жолку чемпиону;
— Кыргызстандын кубогунун төрт жолку жеңүүчүсү;
— Кыргызстандын Суперкубогунун үч жолку жеңүүчүсү;
— АФК президентинин кубогунун ээси;
— Үч жолу Кыргызстандын эң мыкты дарбазачысы деп табылган;
— АФК президентинин кубогу-2007’нин мыкты оюнчусу.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button