Окуялар

Ысык-Көлдө көл жээгине автоунаасын киргизип алган айдоочу айыпка жыгылды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын ишеним телефонуна маалымат түшүп, анда Ысык-көл районунун Чок-тал айылынын көл жээгине “Honda Fit” үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу, көлдө эс алып жаткан элди сыйлабай, автоунаасы менен кирип келгендиги жөнүндө маалымдалган.

Аталган маалымат мекеменин Укук бузулардын бирдиктүү реестрине катталып, айдоочуну аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тийиштүү иштер колго алынган. Жүргүзүлгөн териштирүү иштеринин натыйжасынжа жол коопсуздугунун милиция кызматкерлери тарабынан маалыматта көргөзүлгөн айдоочу аныкталган.Айдоочуга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 189-беренесинин (Автоээнбаштык) негизинде проткокол түзүлүп, 15 миӊ сом өлчөмүндө айып салынды.

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын кызматкерлери бардык жарандарды жаратылышты урматтоого жана айлана-чөйрөнү келечек муундар үчүн сактап калуу үчүн белгиленген эрежелерди сактоого чакырат.

ЖКККББнын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button