Мамлекеттик органдын мыйзамсыз чечимине кантип даттанса болот? Бишкек шаардык прокуратурасы түшүндүрөт

Бишкек шаарынын прокуратурасынын бөлүм прокурору Ж.Маликова жооп берет:
Алсак, даттануу келтирип жаткан тарап алгач, административдик органдын аракетин же аракетсиздигин сотко чейинки тартипте даттануусу зарыл. Бул милдеттүү тартип болуп саналат. Аны сактабаган тараптар административдик органдын актыларын, аракеттерин же аракетсиздигин сотко даттана алышпайт.
Административдик аракеттердин натыйжасы болуп административдик актылар (чечим, токтом, акт, кат жана башкалар), ошондой эле аракеттер же аракетсиздик болуп эсептелет. Жогорудагыларга ылайык, административдик органдын аталган актылары аракеттери же аракетсиздиктери даттанууга жатат.
Сотко чейинки тартипте административдик актыга болгон даттануу административдик актыны кабыл алган административдик органга же жогору турган административдик органга берилет.
Мисалы: «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын административдик актысына болгон даттануу түз эле ишкананын өзүнө же жогору турган административдик орган болуп эсептелген Бишкек шаарынын мэриясына берилсе болот.
Сотко административдик доо арыз менен кайрылуудан мурун, айрым учурларды кошпогондо, талашылып жаткан акт, аракет же аракетсиздик боюнча административдик (сотко чейинки) даттануу тартибин милдеттүү түрдө өткөрүү зарыл. Эгерде сотко чейинки административдик даттануу жүргүзүлбөсө, анда бул жагдай сот тарабынан административдик доо арызды кайтарып берүүгө негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Административдик-процессуалдык кодексинде көрсөтүлгөндөй, доо арыз мыйзамда башка мөөнөт каралбаган учурда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же алардын кызмат адамдары тарабынан чыгарылган актынын көчүрмөсү алынган күндөн тартып же арыз берүүчү бул акт чыгарылганын билген күндөн тартып үч айдын ичинде сотко берилүүгө тийиш.
Күчүнө кире элек административдик соттордун чечимдери тараптар же процесстин башка катышуучулары тарабынан апелляциялык инстанцияга даттанылышы мүмкүн. Ишке тартылбаган, бирок алардын укуктары менен милдеттерине байланыштуу сот чечим чыгарган адамдар да апелляциялык даттануу берүүгө укуктуу. Апелляциялык даттануу (кароого сунуш) чечим чыгарган биринчи инстанциядагы сот аркылуу берилет. Апелляциялык даттануу (кароого сунуш) мыйзамда башка мөөнөт көрсөтүлбөсө, сот чечимин жарыялагандан кийин отуз күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
Эгер тараптар соттун актылары менен макул болбосо, анда кассациялык даттануу (сунуш) апелляциялык инстанциянын сот актысы чыгарылган күндөн тартып үч айдын ичинде берилүүгө тийиш. Күчүнө кирген биринчи жана апелляциялык инстанциялардын сот актылары да Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кассациялык тартипте кайра каралышы мүмкүн.



