БАЭде 15 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынды

Бириккен Араб Эмираттарынын өкмөтү балдардын социалдык тармактарды колдонушун жөнгө салган токтом кабыл алып, 15 жашка чейинки өспүрүмдөргө соцтармактарды колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 15 жашка чыга элек балдарга социалдык тармактарда жеке аккаунт ачууга же колдонууга, ошондой эле билдирүү жарыялоого, комментарий жазууга, маалымат бөлүшүүгө жана ачык топторго кошулууга уруксат берилбейт.
Өкмөт бул чечим балдардын коопсуздугун камсыздоону артыкчылык катары караган заманбап мыйзамдык механизмдерди түзүүгө багытталганын белгиледи.
Ал эми 15–16 жаштагы өспүрүмдөр үчүн социалдык тармактарга көзөмөлдөнгөн жана коопсуз жеткиликтүүлүк камсыздалышы керек. Мында контенттин жаш курактык классификациясы, колдонуучулар менен өз ара аракеттенүүгө чектөөлөр, колдонуу убактысын жөнгө салуу жана ата-энелик көзөмөл каралган.
Социалдык платформалар колдонуучулардын жашын аныктоочу так жана ишенимдүү механизмдерди киргизүүгө милдеттендирилди. Ошондой эле талаптарга жооп бербеген аккаунттарды аныктап, дароо чара көрүшү керек.
Жаңы эрежелер БАЭде жеткиликтүү болгон бардык социалдык тармактарга тиешелүү. Платформаларга талаптарды ишке ашыруу үчүн 12 ай убакыт берилди.
Белгилей кетсек, дүйнөнүн бир топ өлкөлөрүндө 16 жашка чейинки балдар үчүн соцтармактарды колдонууга толук тыюу киргизилгенин жарыялаган.



