Коом

Сары-Жаз дарыясына курулуп жаткан көпүрөлөр августта пайдаланууга берилет

ӨКМ башчысы Канатбек Чыныбаев Сары-Жаз дарыясы аркылуу курулуп жаткан стратегиялык маанидеги көпүрөлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Чыныбаев курулуш аянтына барып, аткарылып жаткан иштерди текшерип, долбоордун мөөнөттөрүнүн сакталышын жана курулуш сапатын жеке көзөмөлүнө алды.

Сары-Жаз дарыясы аркылуу эки көпүрөнүн курулушу Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Түп райондорундагы жайыттарды байланыштыруу, жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана аймактагы туристтик маршруттарды өнүктүрүү үчүн чоң мааниге ээ.

Учурда көпүрөлөрдүн бири пайдаланууга даяр. Экинчи көпүрөнүн курулушу бекитилген графикке ылайык уланууда.

Планга ылайык, эки көпүрө тең үстүбүздөгү жылдын август айында пайдаланууга берилет.

Тектеш кабарлар

Back to top button