Пайдалуу кеңештер

Психолог: Адамдын мүнөзүн муздаткычына карап билсе болот

Психолог Эльвира Жданованын айтымында, адам тууралуу анын ашканасына, өзгөчө муздаткычына көз чаптырып эле көп нерсени билүүгө болот.

Адис белгилегендей, муздаткычтын абалы адамдын тамактануу адаттарын, тартиптүүлүгүн жана тазалыкка болгон мамилесин көрсөтөт. Ал үчүн муздаткычтагы идиштер менен контейнерлердин абалына, алардын таза же кир экенине көңүл буруу жетиштүү.

Мындан тышкары, муздаткычтагы азыктар ээсинин ден соолугу тууралуу да маалымат бере алат. Мисалы, лактозасыз азыктардын болушу адамга дарыгер тарабынан тиешелүү сунуштар берилгенин билдириши мүмкүн.

Ошондой эле үйдө даярдалган тамактардын болушу адамдын тамак жасай билерин жана тамактануусуна көңүл бурарын көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button