Коом

Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши толугу менен ачылды

Бишкек шаарындагы Аалы Токомбаев проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн толугу менен ачылды. Бул тууралуу Муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, учурда кесилиште бардык керектүү жол белгилери орнотулду

“Жол чийиндерин түшүрүү иштери аба ырайы турукташкандан кийин жүргүзүлөт”, — деп айтылат.

Мэрия жол кыймылынын катышуучуларынан ылдамдыкты катуу сактоону, убактылуу жол белгилеринин талаптарын так аткарууну жана бул тилкеде өзгөчө этият болууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button