Коом

УКМК: “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунан баш тартып, элди алданбоого чакырды

2023-жылдын 13-июнунда КР УКМК тарабынан “Йакын-Инкар” ДЭУнун тарапташы, Кара-Кулжа районунун Кеңеш а/а тургуну Ж.у.А. менен профилактикалык сүйлөшүү өткөрүлүп, аталган кыймылдын Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынгандыгы жана ага ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жоопкерчилик каралгандыгы түшүндүрүлдү.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ж.у.А. өзү тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Йакын-Инкар” уюмунун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырды.

Учурда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний уюмдардын жана алардын тарапташтарынын ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button