Коом

Түрмөдө жаткан соттолуучулардан уюлдук телефон, баңгизат, алкоголь ичимдиктери табылды

Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1- мекемесинде (Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Молдовановка айылы) пландуу жалпы издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө салмагы 8,615 кг баңги заттары (героин, гашиш, марихуана) табылып алынган,  ар кандай үлгүдөгү уюлдук телефондор — 24 даана, тешүүчү жана кесүүчү буюмдар — 63 даана, алкоголдук ичимдиктер — 3,5 литр, маш — 275,5 литр жана түзөтүү мекемелеринин ички эрежелеринде тыюу салынган башка буюмдар табылды.

Табылган тыюу салынган заттар жана буюмдар фактысы боюнча Жаза аткаруу кызматы тарабынан тийиштуу болгон тергөө жана башка текшерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button