Баткенде селден кийин тургундарга суу цистерналар менен жеткирилет

22-июнда Баткен шаарында катуу сел жүргөндөн кийин тургундар бүгүн борборлоштурулган суу менен камсыздоодон убактылуу ажырашты.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, нөшөрлөгөн жаандан жана анын кесепетинен электр энергиясынын өчүшүнөн улам шаардык резервуарларга суу жетиштүү көлөмдө топтолбой калган. Ушуга байланыштуу шаар боюнча ичүүчү сууну берүү убактылуу токтотулду.
Ошол эле учурда суу түтүктөрүндө эч кандай бузулуулар катталган жок. Бийлик өкүлдөрү суунун өчүрүлүшүнө суу түтүк системасындагы авария эмес, табигый кырсыктын кесепеттери жана электр энергиясындагы үзгүлтүктөр себеп болгонун белгилешти.
Тургундарды суу менен камсыз кылуу үчүн атайын техникалар аркылуу суу ташуу уюштурулду. Тиешелүү кызматтар абалды турукташтыруу жана суу менен камсыздоону кадимки режимге кайтаруу иштерин улантууда.



