Инвестициялар боюнча улуттук агенттик James Cubitt & Partners компаниясы менен кызматташууну талкуулады

Бүгүн, 23-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров архитектуралык долбоорлоо, инженердик чечимдер жана инфраструктуралык объектилерди өнүктүрүү багытында иш алып барган эл аралык James Cubitt & Partners (JCP) компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, инвестицияларды тартуу жана инвесторлорду колдоо багытындагы мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктары, ошондой эле мындан аркы кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча пикир алышты.

«Инфраструктураны өнүктүрүү жана социалдык объектилердин сапатын жогорулатуу Кыргыз Республикасы үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат. Бул жаатта алдыңкы эл аралык тажрыйбаны колдонуу жана заманбап чечимдерди сунуштай алган чет өлкөлүк компаниялар менен кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү. Инвестициялар боюнча улуттук агенттик чет өлкөлүк өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө жана инвестициялык демилгелерди ишке ашырууга зарыл шарттарды түзүүгө багытталган ишин улантат», — деп Равшанбек Сабиров.

Тараптар өзгөчө саламаттык сактоо жана инфраструктураны өнүктүрүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине көңүл бурушту. Жолугушуунун катышуучулары социалдык инфраструктураны өнүктүрүүгө, медициналык объектилерди жаңылоого жана заманбап инженердик чечимдерди колдонууга байланышкан долбоорлорго компаниянын катышуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгышты.
James Cubitt & Partners компаниясынын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын аймагындагы долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун келечектүү багыттары боюнча консультацияларды улантуу жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү боюнча макулдашышты.



