ЖАН ДҮЙНӨ, ТАГДЫР

Тагдыр. Мүнөзүмдүн айынан картайганда жалгыз калдым

Жашым 68 ге келди. Кошуна кыздар Махабат эже аябай жаш көрүнөсүз дешет. Сыртымдан жаш көрүнгөн менен ичимден кандай күн кечирип жатканымды ким билсин.

Жаш кезде аябай сулуу элем. Жигиттер артыман чуркап, капаланып карабай, тандап жүрүп өзүмө сүйгөн жигитке турмушка чыккам. Тагдыр экен 25 жашымда эле жесир калдым. Ал убакта бир эркек бир кыздын апасы болуп калгам. Жолдошум каза болгондон кийин кайын журтума батпай эки баланы алып кетип калдым. Төркүндө деле келин бар, ал жакта да батышта албай шаарга иштеп кеттим. Алты ай иштеп, анан батирге чыгып балдарымды жаныма алдым.

Күн өтүп жатты балам окууну бүтүп өз алдынча иштеп кетти. Кызым экөөбүз жашайбыз. Анча мынча чогуу иштеген эркектер тийишип ачыгын айтканда айрымдары менен көңүл ачып жүрдүм. Эркек жүрсө аялга тиет, аял жүрсө балага тиет деген. Кызым 19 га жаңы кадам таштаганда машина сүзүп каза болду. Күйүттөн бир түндө картайдым. Көптөр кызың сулуу эле көз тийип кетти дешти. Ал мен болсо канчалаган айымдардын көз жашына, убалына калганымды жон терим менен сезип жаттым. Эркектер айланчыктап мактап жактап атып эле кантип алардын кучагына кирип кеткенимди байкабай калчум.

Бир күнү балам үйгө бир кызды ээрчитип келип биз баш коштук деди. Мага айтпай эле үйлөнүп алганына жиним келип жүрдү. Ошентип келиним менен чогуу жашап калдык. Жалгыз жүрүп көнгөн жаным улам эле кемчилигин таап кийлигишкен адат таап алдым. Келиним боюна бүтүп талгагы катуу болду. Балам оозунан чыкканын аткарат. Акча топтогондун ордуна кара курсагыңарга тыгасыңар деп чыр чыгардым. Айтор балам тажап кеткенде батирге чыгып кетти.

Жалгыз калдым. Түнү уйку жок ар кандай ойлор жейт. Шаарда батирди саттым да айылдан үй алдым. Балам кыйла нааразы болду. Айылда өзүм курактуу аялдар менен аралашып бир аз алаксыган болом. Түн киргенде эле баягы ойлор жеп баштайт. Жапжаш бойдон жолдошум кетти, жашоого тойбой кызым кетти, баламды батырбадым.

Баарына өзүмдү күнөөлөйм. Жеңил оокатка көнүп эмнегедир жумушка да орношподум. Балам башында акча салып келип турчу, 4 балалуу болгон соң ал да көп карабай калды. Албетте мен анын балдарын багып жанында жүрсөм болот эле а мен өз жанымды ойлодум, тынчтыкты тандагам. Көрсө даана наадан, өзүмчүл экенмин. Азыр мынтип кара түндө жалгыз жатпай, небере жыттап аларга алаксып, баламдын төрүндө балпайып жүрсөм болмок, мүнөзүмдүн айынан картайганда жалгыз отурам. Менин мүнөзүмдү билген үчүн келиним да балдарын жибербейт да. Кармаба, тийбе, сындырасың, секирбе, ызылдаба, кутурба деп какшап турсам. Көрсө бакыттын баары баланын күлкүсү, неберенин жыты, келиндин ысык чайында, баланын мээриминде турбайбы.

Тектеш кабарлар

Back to top button