Коом

Куудул Жамбыл Камчиев да депутаттыкка талапкерлигин койду

Куудул, киноактёр Жамбыл Камчиев парламенттик шайлоого аттанды. Ал бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөтүп жатканы өзү менен кабарлашканыбызда маалым болду.

«Ош шаарындагы №7 шайлоо округу боюнча өзүмдүн талапкерлигимди койдум. Менден тышкары 11 киши документтерин өткөрдү. Менин чыныгы атаандаштарым Айбек Осмонов, Бахтияр Фатахов.

Программам менен кыскача тааныштырсам, банк системасын реформалоо, пайызы жок насыя берүү, 1993-жылкы Конституцияга кайтуу жана кадр саясатын өзгөртүү. Ошондой эле алфавитке өзгөртүү киргизип, тамгаларды кыскартуу», — дейт ал.

Белгилей кетсек, Жамбыл Камчиев президенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин калтырып, кайра арызын артка кайтарып алган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button