Коом

Министрлик маалымдайт:ушул айда бензинди баасы 5-6сомго арзандашы мүмкүн

Кечээ, 31-январда Экономика министрлигинде Энергетика министрлигинин, Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын катышуусунда республиканын мунай жана мунай продуктулары рыногундагы учурдагы кырдаалды талкуулоо боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, тараптар 2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагына мунай продуктуларын үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашышты.

«Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясы бүгүнкү күндө мунайзаттарына болгон баанын төмөндөө тенденциясы байкалып, ушул жылдын февраль айында баалар литрине 52 сомго (КНСсиз), 2023-жылдын январына салыштырмалуу литрге, башкача айтканда, 5-6 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн экенин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button