Коом

Кыргызстанга Россиядан ата-энесиз, кароосуз калган 7 бала кайтарылды

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан ата-энесинин кароосуз калган 7 жашы жете элек бала Россиядан Кыргызстанга кайтарылды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, балдарды кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин, КР Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен уюштурулган.

Белгиленгендей, министрлик кайтып келген балдарды, райондук социалдык онуктуруу башкармалыктары менен бирдикте, биологиялык үй-бүлөлөрү менен бириктирүү боюнча иш алып барат. Эгерде баланы биологиялык үй-бүлө менен кайра бириктирүү мүмкүн болбосо, асырап алуу үчүн өткөрүп берүү маселеси каралат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button