Коом

Коронавирустан Бишкекте 8 бейтап каза болду. Статистика

Кыргызстанда 25-майга карата коронавирус дагы 298 адамдан аныкталып, дагы 8 бейтап каза тапты. Бул тууралуу Бул тууралуу бүгүн брифингде Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, аймактар боюнча:

Бишкекте – 144,
Ош шаарында – 23,
Чүй облусунда – 86,
Ош облусунда – 7,
Талас облусунда – 2,
Нарын облусунда – 13,
Ысык-Көл облусунда – 18,
Жалал-Абад облусунда – 5.

«Ал эми бир сутка ичинде 314 адам коронавирустан айыгып чыккан. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында – 8 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 575 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 200 адам дарыланууда. Алардын ичинен 1051 бейтаптын абалы орто оордукта, 420 адамдын абалы оор жана 90 бейтап өтө оор абалда жатат.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 16 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 611 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 541 медкызматкер айыгып чыкты”, — деп билдирди ал.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 103 миң адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 96 миң 433 киши айыгып чыкса, 1 миң 765 адам каза болду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button