Коом
“Айгүл Тоо” коругуна Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында уруктары себилди

Бул саамалык «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду, Баткен токой чарба башкармалыгы, Аялдар кеңеши, Кара-Булак айылынын активдүү жарандары менен биргеликте ишке ашырылган.

Айгүл гүлү Баткендеги Айгүл-Таш тоосунун беттеринде гана өсөт. Жыл сайын болжол менен апрелдин жарымынан тарта гүлдөп, бул кооздук эки жумага гана созулат.
Айгүл гүлү 1978-жылы СССРдин, кийин 2004-жылы Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.
@abal-kg



