Коом
ӨКМ: Жакынкы күндөрү тоолуу райондордо сел жүрүшү ыктымал

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, өлкөдө 9-июндан 12-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.
Бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.



