Филиппинде жер титирөөдөн каза болгондордун саны 15 адамга жетти

Филиппинде болгон күчү 7,8 магнитудага жеткен жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 15 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Жарандык коргонуу башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, курман болгондордун 12си Соккссарген аймагында катталган. Бул аймакка Түштүк Котабато, Султан Кударат, Сарангани провинциялары жана Генерал-Сантос шаары кирет. Мындан тышкары, кеминде 129 адам жаракат алган, айрым маалыматтар боюнча жабыркагандардын саны 200дөн ашат.
Жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 7:30 чамасында болгон. Сейсмологдор анын очогу Минданао аралындагы Генерал-Сантос шаарынын жээгине жакын жерде жайгашканын билдиришти.
Бийлик жарандарды коопсуздук максатында бийик жерлерге же аралдардын ички бөлүктөрүнө эвакуацияланууга чакырды. Адистер бийиктиги бир метрден ашкан цунами толкундары болушу мүмкүн экенин эскертишүүдө. Цунами коркунучуна байланыштуу Япониянын жээк аймактарында да эвакуация иштери башталган.



