Коом
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу бир тараптуу ачылды

Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолунда кыймыл бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, жаңы жолдун 271-чакырымына түшкөн таш көчкү толук тазаланды. Ал эми каттамдын 243-280-чакырымдарына дагы таш түшүп, тазалоо иштери улантылууда.
Айдоочулардын коопсуздугу үчүн жол азырынча бир тараптуу гана иштеп жатат.
Эске салсак, 4-июнда аталган жолдун Арал-Казарман тилкесинде таш кулагандыктан убактылуу жабылган.



