Коом

Ысык-Көлдө алты айга жакын уурулук менен алектенген, «гастролер» ууру кармалды

Алты айга жакын батирдик уурулук менен алектенип жүргөн Чүй облусунан келген ууру «гастролер» Ысык-Көл РИИБдин Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлдү, бул туурасында Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматы билдирди.

Милиция кызматкерлеринин айтымында, кылмышка шектелип, Чүй облусунун Малиновка айылынын 50 жаштагы тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон С.Ж. кармалды. Шектүү, үстүбүздөгү жылдын март айынан тартып, Булан-Сөгөтү жана Бактуу-Долоноту айылдарында бир катар батирдик уурулукту жасоого үлгүргөн. Акыры, ал ушул жуманын шаршемби күнү Бостери айылынан кармалды. Алгачкы суракта, кармалган жаран батирдик уурулуктун 6 учуру боюнча күнөсүн мойнуна алууда.

Милиция кызматкерлери тактагандай, шектүү уурулук фактыларын күндүзгү мезгилде жасап жүргөн. Үй ээлеринин жоктугунан пайдаланып, терезе аркылуу батирлерге жана жер үйлөргө кирип, негизинен алтын зергерлерди алып кетчү, Уурдалган буюмдарды базарлардан жана башка соода түйүндөрүнөн сатып жиберчү. Жабырлануучуларга, жалпы 265 миӊ сомдон ашык материалдык зыян келтирилген.

Аталган фактылар боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан жазык кодексинин 200 (Уурдоо) беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү жарандын Ысык-Көл районунда жана облустун башка аймактарында орун алган батирдик уурдоо фактыларына тиешестиги бар, же жоктугу текшерилүүдө.

Шектүү катары кармалган жаран, соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button