Каржы пирамидасын уюштуруу боюнча шектүүлөр кармалды

2024-жылы 2-март күнү Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге О.А. аттуу жаран «Chargefast” (тез заряд) компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырышкан.

Аталган факт Биринчи май РИИБнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (Финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1991-жылы туулган Н.Н. жана 1995-жылы туулган А.С. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган. Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын КЖПКнын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБге 50дөн ашуун жаран арызы менен кайрылган.
Азыркы учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.
Көңүл буруңуздар! Эгерде Сиз кара ниет адамдардын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан болсоңуз же кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номурлары аркылуу билдирүүңүздөрдү суранабыз: 0(508) 11-11-12 жана 102.



