Коом

Мамлекет бир судьяны каржылоо үчүн бир жылда 2 млн сомдон ашуун чыгым болот

Кыргызстанда бир судьяны камсыздоого бир жылда 2 млн 59 миң сом кетет. Бул тууралуу ЖК комитетинин жыйынында Жогорку соттун төрагасы Нурлан Мусаев билдирди.

Эске салсак, бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте «Жогорку сот жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү каралды.

Аталган мыйзамга киргизиле турчу өзгөртүүгө ылайык, Жогорку соттун төрагасынын дагы бир орун басары болот жана ага кошумча 4 миллион 653 миң сом керектелет.

Депутат Бекмурза Эргешов бир судьяга канча акча которулаарын сурады. Ага жооп иретинде Нурлан Мусаев 2 миллион 59 миң сомдун тегерегинде болоорун айтты. Ал белгилегендей, судья менен анын орун басарына кеткен чыгымдын айырмасы 162 миң сом.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button