Коом

Акылбек Жапаров энергетиктерге атайын техникаларды тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине атайын техникалардын ачкычын тапшырды.

Маалыматка караганда, 28 бригадалык, 3 жеңил унаа жана 2 экскаватор, жалпы 86 миллион сомдук 33 техника тапшырылды.

Минкаб башчысы соңку жылдары мамлекеттик органдарда реформалар жасалып, техникалар жаңыртылып жатканын белгиледи.

«Энергетика тармагында бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу ири долбоор башталды. Чакан ГЭСтер салынып жатат. Жакында мамлекет өзү каржылаган Бала-Саруу ГЭСи ишке кирет. Мындан тышкары, күн, шамал станциялары салына баштады. Кыргызстандын энергетикалык потенциалы ири эл аралык каржы институттарынын кызыгуусун жаратууда», — деди Акылбек Жапаров.

Жаңы алынган техникалар энергетиктердин ишин жакшыртууга мүмкүндүк берери кошумчаланды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button