Кыргызстанда ашыкча салмактуулар калктын 20% түзөт

Кыргызстанда ашыкча салмактагы же толук адамдардын саны калктын 20 пайызга жакынын түзөт.
Бул көйгөй өзгөчө жаш балдар, өспүрүмдөр жана чоң кишилер арасында байкалууда. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперти Элизабетта Д’Амико «Азаттыкка» курган маегинде билдирген. Ал бул туура же витаминге бай азыктар менен тамактануу маселесине байланыштуу экенин айтты.
«Жетишсиз тамактануунун бардык түрү жана туура эмес тамактанууга байланыштуу жугуштуу эмес оорулар жалпы калктын саламаттыгына коркунуч жаратууда. Бул саламаттык сактоо, өлкө бюджетине дагы таасирин тийгизет. Анктени ден соолугу бекем эмес жарандар догдурга барып, дарыланыш керек. Ошонун баары мамлекетке жүк болуп саналат. Бул бир кишиге тийиштүү эмес, жалпы көйгөй болуп жатат. Муну менен Кыргызстан туура эмес тамактануунун үч эселенген жүгүнө туш болгонун айтып жатабыз. Мисалы азыр Кыргызстанда балдар, өспүрүмдөр жана чоң кишилер арасында байкалып жатат. Калктын 20 пайыздайы ашыкча салмак же толук деп айтсак болот. Бул аз угулган менен өтө чоң көйгөй жана келечекте жалпы калктын саламаттыгын эске алганда чоң маселе жаратышы мүмкүн. Бул дагы туура жана витамидүү тамактанууга байланыштуу», — деди Д’Амико.



