Коом
Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.
Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
- Гагарин көчөсү — Ч.Айтматов проспектиси — Ажыбек баатыр көчөсү, Островский көчөсү — 11-12-август күндөрү;
- Жукеев-Пудовкин көчөсү, Токомбаев көчөсү, Сухэ-Батор көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Безымянная көчөсү – 12-13-август күндөрү.
«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.



