Коом
Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан тамыр боюнча хирург жана жалпы профиль боюнча хирург барат. Түркияга дары-дармек жана медициналык каражаттардан турган гумжардам да жөнөтүлөт. Биздин дарыгерлер бир күндүк маянасын жабыркагандарга которот.
Соңку маалыматтар боюнча, Түркияда каза тапкандар 20 665ке жетип, 80 миң 88 адам жаракат алды.
@user2



