Коом

Кант диабети менен ооруган балдарга миң таңгак инсулин гумжардам катары берилди

«Медко Интернэшнл» ЖЧКсы кант диабети менен ооруган балдарга гуманитардык жардам катары Саламаттык сактоо министрлигине 1000 таңгак инсулин берди.

Бул долбоор Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги менен «Медко Интернешнл» ЖЧКнын биргелешкен аракети менен уюштурулган.

«бул геманитардык жардамдар өлкө боюнча муктаж болгон балдарга таратылат. Биз кант диабети менен ооруган балдардын өмүрүн сактап калуучу дары-дармек менен камсыз кыла турган бул салымы үчүн «Медко Интернешнлге» терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, — деди саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлиги инсулинди жеткирүү боюнча тендер өткөргөнү белгилүү болду, анын биринчи партиясы жакынкы аралыкта келүүсү күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button