Саясат
Садыр Жапаров Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети жөнүндө мыйзамга кол койду

Өлкө башчы Садыр Жапаров“Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Бул мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2022-жылдын 17-мартында кабыл алынган.
Мыйзамдын максаты Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2022-жылга бюджетин жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү болуп саналат.



