Коом
Тогуз-Тородо калың кардан улам мектептер онлайн окутууга өттү

Тогуз-Торо районунун аймагында калың кар жаап, айрым айылдарда кардын калыңдыгы 1 метрге чейин жеткен. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Маалыматка караганда, буга байланыштуу аймакта мектептер онлайн окутуу форматына өткөрүлгөн.
«Учурда кар тазалоо иштеринин натыйжасында бардык айылдарда жол каттамы камсыздалды», — деп айтылат маалыматта.




