Коом

«Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо» долбоору боюнча 22,4 млн швейцариялык франкы өздөштүрүлдү

Кыргыз Республикасы менен SECO (Швейцария) ортосундагы «Ат Башы ГЭСин реконструкциялоо» долбоору боюнча макулдашуунун алкагында 24,7 млн швейцариялык франк суммасында гранттык каражат каралган.

2023-жылы «Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо»долбоорун ишке ашыруу аяктап, аталган долбоордун алкагында 22,4 млн швейцариялык франк өздөштүрүлгөн.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, электр станциясынын техникалык жоготуулары азайды. ГЭСтин белгиленген кубаттуулугу 14% га чейин жогорулатылган. Станциянын коопсуздугу бекемделип, иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узартылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button