Коом
Бишкекте «Кара июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды

Бишкектеги Улуттук тарых музейинде «Кара июль» курмандыктарына жана баатырларына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Уюштуруучулардын айтуусуна караганда, көргөзмө өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүүгө жана вакцина алууга жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үндөйт. «Биз ошол кыйын мезгилде жардам көрсөткөн, кайдыгер эмес бардык жарандарыбызга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, каза болгондорду эскергибиз келет. Ошондой эле бул окуялардын кайталанышына жол бербеш үчүн коопсуздук чараларынын маанилүүлүгүн эске салабыз», — деп баса белгилешти уюштуруучулар.



Көргөзмө үстүбүздөгү жылдын 11,12,13-январында Улуттук тарых музейинде өтөт.



