«Бурана мунарасы» комплексинин аймагында сүмөлөк фестивалы өтөт

Чүй облусундагы «Бурана мунарасы» тарыхый-археологиялык комплексинин аймагында сүмөлөк фестивалы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучусу Элнура Кулуева билдирди.
Анын айтымында, майрам учурунда 10 казан орнотулуп, анда катышуучулар салттуу тамакты биргелешип даярдашат. Иш-чарага аймактын бардык каалоочулары жана коноктору чакырылат.
Уюштуруучулардын белгилешинче, фестивалдын максаты — улуттук салттарды сактоо жана адамдарды байыркы жазгы жөрөлгөнүн айланасына бириктирүү.
Сүмөлөк — Борбор Азия элдеринин салттуу тамагы. Ал өнүп чыккан буудайдан, ундан жана өсүмдүк майынан даярдалат. Тамак адатта Нооруз майрамынын алдында чоң казандарда 10–12 саат бою кайнатылат. Даярдоо процесси ыр-күү, бий жана биргелешкен эмгек менен коштолгондуктан, сүмөлөк биримдиктин, берекенин жана жаңылануунун символу болуп эсептелет.



