Коом

Бир жарым жылдан бери дайынсыз. Ошто 31 жаштагы Мамадали уулу Мыктыбек изделүүдө

2022-жылдын 29-январь күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө   Куршаб айылынын тургуну 1989-жылы туулган Э.Б., арыз менен кайрылган.

Ал арызында 2020-жылдын август айында иниси 1993-жылы туулган Мамадали уулу Мыктыбек Куршаб айылындагы үйүнөн Бишкек шаарына барып иштеп келемин деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок деп билдирген.

Бул факты Өзгөн РИИБдин электрондук журналына  2022-жылдын 29-январь күнү катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагылардын негизинде Өзгөн райондук ички иштер бөлүмү дайынсыз жоголгон Мамадали уулу Мыктыбекти табууга көмөктөшүүнү суранат.

Кийген кийими: Мезгил талабына ылайык.

Өзгөчө белгилери: Бою 165-170 см, кара тору, дене түзүлушү арык, кашы-көзу кара, чачы кара.

Эгерде Мыктыбекти көргөндөр же кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюнуздарды суранабыз: (03233)5-06-36 0555 20 77 76, 0504 44 55 41.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button