Спорт
Футзал: Кыргыз курамасы Афганистанга жеңилип калды
Бишкекте өтүп жаткан «CAFA U-17 Futsal Championship» турниринде Афганистан курамасына 3:5 эсебинде жеңилип калды.
Кыргыз курамасынан голдорду Канат Сыдыков, Ильгиз Азамат уулу жана Бектур Ильясов киргизди.
Кыргыз курамасы кийинки оюнун 15-февралда Өзбекстан курамасына каршы өткөрөт.
Белгилей кетсек, Афганистан курамасы футзал боюнча Азия чөлкөмүндө күчтүү командалардын бири. Афганистандын 20 жашка чейинки курамасы 2019-жылы Азия чемпиондугунда күмүш медалдын ээси болгон. Футзал бул өлкөдөгү эң популярдуу спорттун бири.



